Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин орун басары – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү

2023-жылдын 13-апрелинде Самарканд шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин орун басары – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар салттуу түрдө кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин конструктивдүү маанайда талкуулап, мындан аркы кызматташуунун келечегин белгилешти.

2023-жылдын январь айынан баштап күчүнө кирген Казакстандын аймагына кирүүнүн жана болуунун жаңы эрежелеринин кыргызстандыктарга жана чет элдик жарандарга карата колдонуу тартиби талкууланган маселелердин бири болду.

Боордош өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөштүгүн ар тараптуу чыңдоого багытталган бийик жана жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууга да көңүл бурулду.

Мындан тышкары, министрлер алдыдагы тышкы саясий иш-чаралардын графигин талкуулашып, аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK