Якутск шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-жылдыгына карата «Кыргызстанга кош келиңиздер!» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү

2023-жылдын 30-апрелинде Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутиянын) борбору Якутск шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсеси тарабынан «Кыргыз конгресси» Жалпы россиялык коомдук уюму менен биргеликте даярдалган «Кыргызстанга кош келиңиздер!» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. 

Майрамдык иш-чарага Саха Республикасынын (Якутиянын) Тышкы байланыштар жана элдердин иштери боюнча министри Г.Кириллин жана башка Саха Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери,  жергиликтүү жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, Якутия элдеринин Ассамблеясынын диаспора уюмдарынын жетекчилери, студенттер жана Якутияда эмгектенип жүргөн мекендештер катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө, Министр Г.Кириллин куттуктоо сөзүн сүйлөп, кыргызстандыктардын Якутиянын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилеп, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык каттарын тапшырды.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтер, презентациялар тартууланып, кулинардык мастер-класстар, ата мекендик өндүрүш товарларынын көргөзмө-жарманкеси, кыргыздын улуттук тамак-аштарынын дегустациясы жана концерт уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK