КРдин Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манаповдун Иранга иш сапары болуп өттү

2023-жылдын 7-майынан 10-майына чейин Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манаповдун Иранга иш сапары болуп өттү.

Иш сапарынын алкагында КРнын Соода өнөр жай палатасынын жана  Ош облусунун делегацияларынын башчылары «IRAN EXPO-2023» аттуу Ирандын 5-чи эл аралык экспорттук көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышып,  Тегеран эл аралык көргөзмө комплексиндеги айыл чарба, муңай химия, курулуш, медицина, фармацевтика жана башка чөйрөлөрдө Иранда кеңири өндүрүлүп жаткан продукциялары менен таанышты.

Ошондой эле «IRAN EXPO-2023» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу жана Иран менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында 40 ашуун кыргыз компаниядан бизнес делегация келди. Өз кезегинде Ирандын жеке бизнесинин өкүлдөрү Кыргызстан менен экспорттук-импорттук мамилелерди чыңдоого кызыкдар экендигин билдиришти.

Т.Сариев менен У. Манапов Ирандын Соода, өнөр жай, тоо-кен жана айыл чарба палатасынын президенти Голам Хоссейн Шафеи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну талкуулашты. Мындан тышкары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун бардык потенциалын толук кандуу ишке ашырууга, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн деңгээлин жогорулатууга тоскоол болгон факторлор каралып чыкты.

Тегеран шаарында эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда В2В форматындагы бизнес-форум болуп өттү. Анын жүрүшүндө тараптар айыл чарба продукцияларын Иранга экспорттоо, ошондой эле курулуш материалдарын, өнөр жай жабдууларын, нефтехимиялык продукцияларды КРге импорттоо маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыргыз жана Иран өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK