КРдин Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Корея Республикасынын КРдагы Элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту

2023-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-корей мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, тактап айтканда, ТИМдер аралык консультацияларды өткөрүү, визиттер менен алмашуу, парламенттер аралык кызматташуу, ошондой эле EDCF (Economic Development Cooperation Fund) алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Ошондой эле тараптар 2023-жылдын 12-июнунда Бишкекте пландалган «Сеул-Бишкек-Сеул» түз авиакаттамынын ачылышына байланыштуу боло турган алдыдагы салтанаттуу иш-чараны талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өз ара кызыгууну жараткан тармактарда сезилерлик натыйжаларга жетишүү үчүн күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Маалымат үчүн: Экономикалык Өнүктүрүү Кызматташтык Фонду (EDCF) 1987-жылы Корея Республикасынын өкмөтү тарабынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө экономикалык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн экономикалык өнүктүрүү фонду болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK