Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен телефон аркылуу сүйлөштү

2023-жылдын 9-июнунда кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн башында Жээнбек Кулубаев Хакан Фиданды Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалады.

Андан тышкары, Министрлер эки тараптуу мамилелердин деңгээлин, ошондой эле стратегиялык кызматташтыктын жана салттуу боордоштук мамилелердин күн тартибин канааттануу менен белгилешти. Бул контекстте Жээнбек Кулубаев Хакан Фиданды Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын ТИМдеринин башчылары жакын арада тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын деңгээлинде Стратегиялык пландоо биргелешкен тобунун кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле башка пландаштырылган иш сапарларды жана иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча биргеликте күч-аракет жумшоого макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK