Санкт-Петербург шаарында өткөн 26-Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында «Россия-Кыргызстан» бизнес-диалогу болуп өттү

2023-жылдын 14-июнунда Санкт-Петербург шаарында өткөн 26-Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында «Россия-Кыргызстан» бизнес-диалогу болуп өттү.

Бизнес-диалогго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А. Касымалиев, Экономика министри Д.Амангелдиев, Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Д.В. Волвач, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) С.Ю. Глазиев жана Э.Т. Алишеров, РКӨФнын төрагасы А.Е. Новиков, Кыргызстандын жана Россиянын ишкер чөйрөлөрүнүн жана ири бизнестин өкүлдөрү катышты.

Биринчи жолу Россия Федерациясынын ПМЭФ 2023 ири эл аралык экономикалык иш-чарасынын аянтында жогорку өкүлчүлүк деңгээлде өткөрүлүп жаткан бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, Экономика жана Коммерция министрликтери менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин Кыргыз-россия ӨАКтын 24-отурумунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттеринин натыйжасы болгонун белгилей кетүү зарыл. 

Иш-чаранын катышуучулары Кыргыз Республикасынын ири жана ар түрдүү экспорттук жана инвестициялык дараметинин маселелерин, анын ичинде ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун ийгиликтүү мисалдарын активдүү талкуулашты, ошондой эле Кыргызстандын жана Россиянын ишкер чөйрөлөрүнүн жана бизнесинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана арттыруу үчүн колдонулган диалогдук аянтчанын маанилүүлүгүн бир добуштан белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK