КР ТИМдин 2023-жылдын 24-июнуна карата маалыматтык билдирүүсү

Россиянын Украина менен чектеш аймактарында кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жарандарды бул аймактарга баруудан карманууну өтүнөт.

Ошондой эле, аталган аймактарда жашаган жарандарды зарыл болгон коопсуздук чараларын сактоого жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине дароо кайрылууга чакырабыз.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин түз байланыш йтелефондору: +7 925 115 50 47,+7 925 285 5047.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK