Италиялык делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди

2023-жылдын 10-июлунан 12-июлуна чейин Кыргызстандын Италиядагы Элчилиги тарабынан жетишилген макулдашууларга ылайык, 2023-жылдын 10-июлунан тартып 12-июлуна чейин Сицилиянын Катания провинциясынан италиялык делегациянын Кыргызстанга иш сапары болду. Региондук ишмер жана илимий-маданий чөйрөлөрдүн екулдөрүнөн турган делегацияны Рандаццо шаардык Кеӊешинин төрагасы Кармело Скализи  мырза жетекчилик кылды.

Иш сапардын алкагында италиялык делегация Токмок шаарынын мэри М.Нусувалиев менен жолугушуп, анын жыйынтыгында тараптар эки муниципалитеттин ортосунда экономика жана маданият тармагында кызматташууну караган Рандццо шаары менен достук жана кызматташтык келишимине кол коюшту.

Иш сапардын алкагында италиялык делегация Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К.Конгантиев жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин жетекчилиги менен да жолугушту. Мындан тышкары, делегация Токмок шаарындагы бир катар өнөр жай ишканаларында, атап айтканда, «Интергласс» ЖЧКсынын айнек заводунда жана «Аквапром» ири балык чарбаларында болушту.

Италиялык делегациянын иш сапары «Сүт Булак» ЖАК сыр заводуна баруу менен аяктады, анын жүрүшүндө италиялык «La Cava» сыр-сүт ишканасынын өкүлдөрү технологдор үчүн алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү, өндүрүш менен тааныштыруу боюнча өз ара окуу курстарын уюштуруу маселелерин, сыр азыктарын өндүрүү боюнча акыркы технологиялык процесстерди ишке ашырууну талкуулашты, ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен өндүрүштү ишке киргизүү маселесин изилдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Иш сапардын жыйынтыгында талкууланган маселелерди ишке ашыруу максатында быйылкы жылы Токмок шаарынын мэриясынын жетекчилигинин жана кыргызстандык бизнес өкүлдөрүнүн Рандаццо шаарына жооп сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: Рандаццо бай маданий жана тарыхый мурастарга ээ, анын ичинде ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген – Этна жанар тоосу. Ал ошондой эле Сицилиянын административдик борбору - Палермого баруучу жолдо аймактын үч негизги провинциясынын - Катания, Мессина жана Эннанын транспорттук жолдорун бириктирет. 2023-жылы Рандццо шаарынын мэриясы Италиядагы эң кооз чакан шаарлардын "I borghi più belli d'Italia" тизмесине киргизүү үчүн Италиянын шаарларынын Улуттук Ассоциациясынын Туристтик кеңешине арызын берген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK