КР ТИМдин 2024-жылдын 24-мартына карата маалымат билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан Москвадагы трагедия болгон күнү "Крокус Сити Холл" имаратында эмгектенген Кыргыз Республикасынын эки жаранын издөө иштери улантылууда.

Элчиликтин кызматкерлери медициналык мекемелерге жана моргдорго барууларды, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүлөрдү жүзөгө ашырууда, ошондой эле изделип жаткан жарандардын туугандары менен туруктуу байланышта болууда. Мындан тышкары, Кыргызстандын жараны Ш.Ф. Тургунбаев тууралуу маалымат келип түшкөнүнө байланыштуу Элчилик ыкчам тартипте туугандары менен байланышка чыккан. Белгилүү болгондой акыркы жылдары аны менен эч кандай байланыш жок.

22-мартта Крокуста иштеген КР жарандарынан алынган маалыматка ылайык, Ш.Тургунбаев аттуу жаран буга чейин кырсык болгон жерде иштеген эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, жаран тирүү экендиги аныкталды. Элчилик кыргыз жаранынын жүргөн жерлерин тактоодо.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK