Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги маалыматтык билдирүүсү

2024-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Россия Федерациясынын Элчилигинин Кеңешчи-консулу А.Бурьевой менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарабы Россия Федерациясынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кеңешчисинин  үй-бүлө мүчөлөрүнө карата “Дипломатиялык мамилелер жөнүндө” 1961-жылдагы Вена конвенциясынын жоболорун одоно бузган аракеттерине өзүнүн тынчсыздануусун билдирди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредитациялан кызматкерлерине карата Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мындай аракеттер кабыл алынгыс болуп, кылдаттык териштирүүнү жана күнөөлүлөрдү кыска мөөнөттө жоопко тартууну талап кылары белгиленди.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын  Элчилигинин Консулу А.Бурьевой бул факты боюнча өкүнүчүн билдирүү менен Россия Федерациясынын Тышкы иш тер министрлиги кыргыз тарабынын ңотасын алгандыгын тастыктап, анын негизинде учурда тиешелүү текшерүү жүрүп, жыйынтыгы боюнча кыргыз тарабы маалымданаарын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK