Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын комментарийи

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү М.Захарованын дипломатиялык статустун ийкемсиздиги жана Россия Федерациясынын дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясына берилгендиги тууралуу комментарийин канааттануу менен кабыл алдык. 

Буга байланыштуу Россия Федерациясынын ИИМинин расмий өкүлү И.Волктун маалыматтык билдирүүсүнүн мазмуну айрым суроолорду жаратат, анда кызматтык текшерүү аяктаганга жана болгон окуянын бардык жагдайлары аныкталганга чейин эле полиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин дипломатынын батирине "кирген эмес, тургундарга физикалык жана психологиялык таасир көрсөткөн эмес"деп айтылат. Ошентип, бул билдирүүдөн улам, жабыркаган аял өз батиринин ичинде болгон балдары менен окуяга өзү күнөөлүү экени айтылат. Бул туура логикага каршы келет. 

Кызматтык текшерүү ыкчам, объективдүү жана комплекстүү түрдө полиция кызматкерлеринин өздөрүнүн төш камераларынын видеожазууларын жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын ТИМдеги элчилиги көрсөткөн фотоматериалдарды эске алуу менен жүргүзүлүшүн күтөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK