Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги маалыматтык билдирүүсү

Жакынкы Чыгыш аймагындагы курч кырдаалга байланыштуу, Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына Жакынкы Чыгыш аймагына, атап айтканда Израилге, Иранга, Сирияга, Иракка, Ливанга жана Палестина аймактарына баруудан алыс болууну сунуштайт.
Ошол эле учурда, жогоруда аталган өлкөлөрдө жүргөн жарандарды кырдаал турукташканга чейин өз коопсуздуктары үчүн чаралардын күчөтүүсү зарыл экенин белгилейт.
Ошону менен бирге, аталган региондордо жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же консультация алуу үчүн Элчиликтердин шашылыш байланыш телефондоруна кайрыла алышаарын билдирет.
1.    Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги: +905456896800;
2.    Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилиги: +966583769945;
3.    Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилиги: +989352505226;
4.    Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги: +96525359951.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK