Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы М.Азымбакиев «Валдай» дискуссиялык клубунун Борбордук Азиядагы IV конференциясына катышты

2024-жылдын 13-14-майында Башкортостан Республикасынын (РФ) Уфа шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев «Валдай» дискуссиялык клубунун IV Борбордук Азия конференциясына катышты.

Конференциянын ачылышында Башкортостан Республикасынын башчысы Радий Хабиров, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана «Валдай» эл аралык дискуссиялык клубун Өнүктүрүү жана колдоо фондунун төрагасы А.Быстрицкий сөз сүйлөштү.

«Россия жана Борбордук Азия региондун жалпы тутумунда: эки тараптуу жана көп тараптуу аспектилер» деген темада биринчи сессияда сүйлөгөн сөзүндө М.Азымбакиев Борбордук Азия менен Россиянын ортосундагы жогорку саясий диалог жана кызматташтык бардык тармактарда мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди мындан ары да өз ара пайдалуу өнүктүрүү үчүн ишенимдүү негиз түзөрүн баса белгиледи.

«Валдай» беделдүү эл аралык дискуссия платформасы эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн да, эксперттик коомчулуктун да пикир алмашуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын белгилеп, М.Азымбакиев бул абройлуу форумдун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенишүү ниетин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөлүк геосаясий жана геоэкономикалык кырдаалдын өзгөрүшүн эске алуу менен эл аралык кызматташтыктын ар кандай аспектилери боюнча талкуулар болду, келечектүү өз ара пайдалуу долбоорлорду, анын ичинде энергетиканы, транспорттук-логистиканы жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча идеялар жана сунуштар каралды, өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK