Элчи Айбек Артыкбаевдин Монголиянын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекет-катчысы Батжаргал Ханжав менен жолугушуусу жөнүндө

2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Артыкбаев мырзанын Монголиянын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекет-катчысы Батжаргал Ханджав мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана илим жаатындагы Кыргыз-Монгол мамилелеринин маселелерин талкуулашты. Элчи Айбек Артыкбаев Кыргызстан менен Монголиянын илимий жана билим берүү мекемелеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдей турган билим берүү жана илим тармагындагы академиялык алмашуулардын, биргелешкен билим берүү программаларынын жана долбоорлорунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Мамлекет-катчы Батжаргал Ханжав Монголиянын Билим берүү жана илим министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK