Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпустун региондорго иш сапары тууралуу

2024-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштыруу, ошондой эле Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесине (IITF 2024) катышуу үчүн Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпустун иш сапары уюштурулду. 

Иш сапардын алкагында чет элдик дипломаттар Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар өнөр жай, тамак-аш кайра иштетүүчү, туризм жана тигүү ишканаларында болушту, атап айтканда, «Cool Bro's» ЖЧКсы, «Текстил Транс» ЖЧКсы жана «Дордой-Балыкчы» ЖЧК эт комбинаты.

Бул ишканаларда катышуучулар биздин ишканаларда колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана инфраструктуралар менен жана алардын заманбап өндүрүштүн эл аралык стандарттарына шайкештиги менен таанышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдүн киргизилиши менен инвесторлор үчүн каржы ресурстарын инвестициялоо жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткандыгы белгиленди.

Ишканалар менен таанышуу презентациялар, кызыкдар диалог жана кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашуулар менен коштолду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK