Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экс-элчи Улан Тотуяевдин 2024-жылдын 28-июнундагы “Азаттык” басылмасына берген интервьюсуна карата комментарийи

Мамлекет башчысынын катаал Жарлыгынын келип чыгуусу төмөнкүчө:

Пакистандагы Элчилигибиздин эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине ага ишенип тапшырылган чет өлкөдөгү мекемесинде өзүнө “хандык” уюштуруп, өз каалаганын жасап жүргөн экс-элчи У. Тотуяевдин ишмердүүлүгүнө жараша кечиктирилгис чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Тактап айтканда, ал жетекчилиги алдындагы кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп, ыйгарым укуктарынан тыш көрсөтмөлөрдү берип, аларга этикага туура келбеген мамиле жасап, күнүмдүк көйгөйлөрүн чечпей, жашоого ылайыксыз шарттарды түзүп берип, жатакана тибиндеги тар батирлерде жашоого мажбурлап келген.

Ошол эле учурда, ал өзү үй-бүлөсү менен коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, бардык шарттары түзүлгөн, кароолчулар тарабынан кайтарылган өзүнчө резиденцияда, "падышалык" шарттарда жашап келген.

Мындан тышкары, элчиликке төрт унаа бөлүнгөн болсо, алардын экөөсүн уятсыздык менен ал өзү жана жубайы үчүн пайдаланып келсе, ал эми калган кызматкерлер кезектешип, калган кызматтык унааларды  пайдаланууга аргасыз болгон.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясында бул маселе каралып, У.Тотуяевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүү чечими кабыл алынган.

Жогоруда айтылгандардын баарына У. Тотуяев интервью берип жатканда этикага сыйбаган маалыматтарды айтып салгандыгын, анын иш-аракеттерине тиешелүү компетенттүү органдар дагы тартылуусу мүмкүн экендигин кошумчалоо керек, анткени ал купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого макул болуп, кол койгон.

Жыйынтыгында, КР Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык кызматты жарандарыбыздын ишенимине шек келтирген шалаакы жана абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча ишти ырааттуу түрдө уланта берерин белгилейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK