Элчи Өмүрбек Текебаев менен Берлин шаарынын Шарлоттенбург-Вильмерсдорф районунун мэри Кирстин Баухтун жолугушуусу болуп өттү

2024-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Берлин шаарынын Шарлоттенбург-Вильмерсдорф районунун мэри Кирстин Баухтун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Берлиндин борбордук райондорунун бири болгон Шарлоттенбург-Вильмерсдорф аймагынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Элчи Ө.Текебаев Шарлоттенбург-Вильмерсдорф аймагы менен Кыргызстанда шаардын инфраструктурасын, муниципалдык жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу максатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар Берлинде кыргыз маданиятын жана каада-салтын жайылтуу максатында биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK