КРдин Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Австралиянын КРдагы жаңы дайындалган Элчиси Грейм Лесли Михан мырзадан ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2023-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Австралиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Грейм Лесли Михан мырзадан ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-австралия кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды. Атап айтканда, туризм жана тоо-кен өнөр жайы тармагында австралиялык тажрыйбаны колдонуу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерине көңүл бурулду.

А.Исаев австралиялык дипломатты кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Австралиянын ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоо кызыкчылыгында ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Элчи Г.Михан жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн күч-аракетти жумшоого даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK