Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяевдин Ишеним грамоталарын  Пакистан Ислам Республикасынын Президенти, доктор Ариф Алвиге тапшыруу аземи болуп өттү

2021-жылдын 9-сентябрында Исламабадда Пакистан Ислам Республикасынын Президентинин «Aiwan-e-Sadr» резиденциясында Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяевдин Ишеним грамоталарын Пакистан Республикасы Пакистан Ислам Республикасынын Президенти, доктор Ариф Алвиге тапшыруу аземи болуп өттү.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Элчи У.Тотуяев Пакистандын башчысына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун куттуктоо сөздөрүн узатты.

Пакистан Ислам Республикасынын Президенти доктор Ариф Алви У.Тотуяевди Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Элчи У.Тотуяев Кыргызстан менен Пакистандын тыгыз тарыхый жана маданий байланыштарын, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалды белгиледи. Ал эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшаарына ишендирди.

Тараптар эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Афганстандагы кырдаалды талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK