Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы Элчилигинде Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү

2024-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Абдылдаев, Элчиликтин кызматкерлери жана Душанбе шаарында жашаган кыргыз жарандары, студенттер катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлүү тарыхын чагылдырган сүрөттөр, облустун түзүлүүсүнө жигердүү эмгек сиңирген кыргыз интеллигенциясынын портреттери көргөзмөгө коюлуп, катышуучуларга автономиялык облустун тарыхы жөнүндө лекция окулду.

“Тарыхыбызды билүү, анын таасын окуяларын урпактарга улантып айтып берүү ар бирибиздин милдетибиз болуп саналат. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү биздин улут катары сакталып, көз карандысыз мамлекет катары калыптанышыбызга мааниси зор. Биздин ата-бабаларыбыздын эмгектерин унутпашыбыз керек” - деп белгиледи Элчи Э.Абдылдаев.

Ошондой эле аталган иш-чарага улай, Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата спорттук мелдештер уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK