Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекке иш сапары менен келген ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту

2023-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекке иш сапары менен келген Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле ТМУнун мүчө-мамлекеттеринин түрдүү тармактардагы өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде Самаркандда жана Анкарада 9-Саммитиндеги жана ТМУнун кезексиз саммитиндеги мамлекет башчыларынын макулдашууларын жана чечимдерин ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министр Ж.Кулубаев экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө иш-чараларды күчөтүү, бул багыттар боюнча ТМУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин кызыкчылыктарына жооп бере турган конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Башкы катчы Министрге Уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, 2023-жылга карата иш пландары, ошондой эле түрк тилдүү кызматташтык институттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык органдары аркылуу ТМУ алкагында кызматташуунун түрдүү багыттары боюнча ишти активдештирүү зарылдыгына, ошондой эле Уюмдун эл аралык ишмердүүлүгүнө көңүл бурушту.

Атап айтканда, Министр Башкы катчынын ТМУ менен башка эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты орнотуу жана бекемдөө боюнча аракеттерин оң белгиледи, бул өз кезегинде Уюмдун эл аралык аренадагы ролун жана маанисин жогорулатат.

Жолугушуунун соңунда тараптар түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара ниеттерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK