Кыргызстандын Япониядагы Элчиси Эркинбек Осоев Япониянын Эл аралык окутуу боюнча кызматташтык уюмунун президенти Хироаки Яги мырза менен жолугушту

2023-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Эркинбек Осоев Япониянын Эл аралык окутуу боюнча кызматташтык уюмунун (JITCO) президенти Хироаки Яги мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Э.Осоев чет элдик жумушчулар үчүн JITCO иш-чараларынын маанилүүлүгүн белгилеп, кыргызстандык техникалык стажерлорго жана жумушчуларга дайыма колдоо жана жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Элчиликтин негизги милдеттеринин бири Япония менен адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында кызматташуу экенин кошумчалады, ошондой эле Япониядагы кыргызстандыктар топтогон тажрыйба өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп, эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого жардам берет деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында тыгыз кызматташууну улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK