Министр Ч.Айдарбековдун Монголиянын Тышкы иштер министри жана швейцариялык делегациянын башчысы менен эки тараптуу жолугушуулары болду

2019-жылдын 6-декабрында Братислава шаарында ЕККУ ТИМКнын аянтчасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Монголиянын Тышкы иштер министри Дамдин Цогтбаатар жана швейцариялык делегациянын Башчысы, Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин Мамлекеттик катчысы Паскаль Бэрисвиль менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү.

Монголия ТИМ башчысы менен жолугушуунун жүрүшүндө министрлер Монголиянын Президенти Х.Баттулганын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын (2019-жылдын 12-13-июну, Бишкек шаары) жыйынтыктары боюнча сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу, ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык Комиссиянын 3-жыйыны (2019-жылдын 30-октябры, Бишкек шаары) боюнча пикир алмашты. Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындар ары күчтөндүрүү боюнча пландарды жана 2020-жылга контакттардын графигин талкуулашты.

Швейцария ТИМнин Мамлекеттик катчысы менен жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти жана ушул жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары күчтөндүрүүгө даярдыгын билдиришти. 
Ошондой эле Швейцариянын Кыргыз Республикасы менен 2017-2020-жылдарга кызматташтык Стратегиясынын алкагында техникалык кызматташтык, келишимдик-укуктук базаны бекемдөө, ошондой эле парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK