Түркия Республикасынын Гиресун провинциясында Кыргыз Республикасынын жараны К.Н. өлүмү боюнча маалыматтык билдирүү

2022-жылдын 20-июнунан 21-июнуна караган түнү Гиресун провинциясынын токоюнан зомбулуктан каза болгон аялдын жансыз денеси табылып, ал 1982-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны К.Н. болуп аныкталды. Учурда укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адам өлтүрүүгө шектелген түрк жарандары М.А. жана Х.Ч. кармалды. Башкы консулдук тарабынан жүк-200дү Кыргызстанга жөнөтүү маселеси иштелип жатат.

Бул жагдай Министрликтин көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK