2021-жылдын 12-апрелинен 15-апрелине чейин БУУнун Нью-Йорк шаарындагы Штаб-квартирасында Өнүгүүнү каржылоо боюнча ЭКОСОСтун форуму өтүп жатат

12-15-апрелде Нью-Йоркто Өнүгүүнү каржылоо боюнча экономикалык жана социалдык кеңешинин форуму өтүп жатат, анда COVID-19 пандемиясынан кийин калыбына келтирүү жана 2030 туруктуу өнүгүү максаттарын каржылоонун чечимдери боюнча диалог үчүн  инклюзивдик платформа берет.

Форумдун ачылышында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш сөз сүйлөп, COVID-19 пандемиясынын шартында өнүгүүнү каржылоо ресурстарын жана саясий эркти мобилизациялоо боюнча болуп көрбөгөндөй күч-аракеттерди билдирет деп белгиледи. Буга байланыштуу ал алты багытта шашылыш чараларды көрүүгө чакырды: вакциналар баарына жеткиликтүү болушу керек; донорлор жана эл аралык уюмдар жеңилдетилген каржылоо боюнча аракеттерин күчөтүшү керек; карыз оорчулугун токтото туруу, карызды жоюу жана ага муктаж болгон өлкөлөргө ликвиддүүлүк берүү жолу менен карыз кризисине каршы күрөшүү; адамдарга инвестициялоо жана ТӨМ жана Париж макулдашуусуна ылайык экономиканы туруктуу жана адилеттүү түрдө калыбына келтирүү.

Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева Форумда сөз сүйлөп, эл аралык коомчулук үчүн талкууларды улантуу жана учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө жана ТӨМ программаларын толугу менен ишке ашыруудагы тоскоолдуктарды жеңүү абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, Миргүл Молдоисаева жаңы гана каржылык жардам берүү механизмдерин түзүү менен чектелип калбастан, иштеп жаткан механизмдерди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, алардын арасында карыз свопторунун ордуна айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо жана ТӨМ ишке ашыруу сыяктуу долборлорду ишке ашыруу.

Иш-чарага 80 БУУга мүчө мамлекеттеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK