2019-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Түрк академиясынын Президенти Д.Кыдыралини кабыл алды

2019-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Түрк Академиясынын президенти Д. Кыдыралини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Түрк Академиясы менен өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы маселелери, Уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле Академия тарабынан уюштурула турган 2019-жылга пландаштырылган иш-чаралар талкууланды.

Тараптар Түрк Академиясынын алкагында мындан ары да конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Маалымат үчүн: Түрк Академиясы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия тарабынан түрк элдеринин тилдерин, адабиятын, маданиятын жана тарыхын илимий изилдөөгө колдоо көрсөтүү максатында, ошондой эле өз булактарына таянып түрк элинин адамзаттын цивилизациясына кошкон салымын баалоо үчүн Түрк кеңешинин алдында эл аралык уюм катары 2012-жылы негизделген.  

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK