2019-жылдын 14-майындагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

Республикасынын жараны Краснодар шаарында убактылуу турган Д.Симашевскийдин Россия Федерациясынын аймагынан чыгарылгандыгы тууралуу фактыны иликтеп жатат («Вечерний Бишкек» гезитинде жарыяланган макала боюнча, www.vb.kg, 2019-жылдын 13-майы)

Кыргыз Ресупбликасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин дарегине бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын жараны Д.Симашевскийдин Россия Федерациясынын аймагынан чыгарылгандыгы тууралуу Краснодар шаарынын укук коргоо органдары тарабынан расмий билдирүү келип түшкөн эмес.

Ошону менен бирге КРнын Краснодар шаарындагы Ардактуу консулдугу үстүбуздөгү жылдын 8-майында Д.Симашевскийдин жубайынын кайрылгандыгын тастыктайт, жана азыркы мезгилде бул маселе боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK