2019-жылдын 22-26-июлунда Кыргыз Республикасында Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өткөрүлөт

2019-жылдын 22-26-июлунда Кыргыз Республикасында Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өткөрүлөт.

Биргелешкен көзөмөлдөө тобу (БКТ) «1996-жылдын    26-апрелиндеги чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди бекемдөө» жана «1997-жылдын 24-апрелиндеги чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу» Макулдашууларга ылайык Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда 1999-жылы түзүлгөн жана ушул жылы өзүнүн 20 жылдыгын белгилейт.

Уюмдун регламентине ылайык, 2019-жылында Төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өткөн.

Бул иш-чарада БКТнын мүчө-мамлекеттеринин делегациялары жогоруда аталган документтердин аткарылышы маселелерин, ошондой эле уюмдун географиялык чегинде 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы текшерүү ишинин жыйынтыгын карап чыгышат.

БКТнын иши достукту жана өз ара ишенимди бекемдөөдө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо позитивдүү ролду ойнойт, ошондой эле кызматташыкка жана БКТнын мүчө-өлкөлөрүнүн географиялык чегинде өнүгүүгө көмөк көрсөтөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK