2019-жылдын 22-апрелинде Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде жарандардын өз ара баруулар маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү

2019-жылдын 22-апрелинде Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде жарандардын өз ара баруулар маселелери боюнча сүйлөшүүлөр  болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору А. Имангазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басары С. Токтоболотов, Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Түрциядагы Элчилигинин кызматкерлери Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук маселелер боюнча Башкы  дирекциясынын башкы директорунун орун басары Эмине Эже Озбайоглу Ажарса, Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча Миграциялык кызматынын жана Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин жарандарына визаларды тариздөө үчүн консулдук төлөмдөрдү азайтуу, эки өлкөнүн аймагында Кыргызстан жана Түркиянын жарандарынын жүрүү шарттарын жана эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырууга уруксат документтерин тариздөө зарылчылыгы жөнүндө макулдашууларга жетишти.

Ошондой эле тараптар Бишкекте виза борборун ачуу жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркия Республикасынын визасын алууну жеңилдетүүгө макулдашты.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча  Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркия Республикасында жана Түркия Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасында жүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча мындан аркы биргелешкен иш жүргүзүү жөнүндө макулдашуу жетишилди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK