2019-жылдын 23-июнунда Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык жана саясий изилдөөлөр институтунда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык жана саясий изилдөөлөр институтунун ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлду

2019-жылдын 23-июнунда Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  Эл аралык жана саясий изилдөөлөр институтунда, Кыргыз Республикасынын  Тышкы иштер министрлигинин  К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык жана саясий изилдөөлөр институтунун ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлду.

Меморандумга  кыргыз   тарабынан  Кыргыз Республикасынын  Элчиси  Авазбек  Ишенбаевич Абдуразаков,  Иран тарабынан  Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык жана саясий изилдөөлөр институтунун  Башкы директору доктор  Сейед  Казем  Саджадпур мырза кол койушту.

         Тараптардын  кол  коюлган  Меморандум  илимий-изилдөө кызматташтык, эки өлкөнүн дипломаттарынын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле биргелешкен  илимий семинарларды, жыйындарды, тегерек  столдорду  өткөрүү сыяктуу кызматташтыктын багыттарын камтыйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK