2019-жылдын 24-апрелинде Ташкент ш. Кыргызстандын Өзбекстандагы Экинчи көчмө туристтик көргөзмөсү («Road Show») уюштурулуп, өткөзүлдү

2019-2023-жылдарда туризм тармагын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын жүзөөгө ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм Министрлигине караштуу Туризм Департаменти, «Asia Expeditions» туристтик компаниясы менен биргеликте жана Өзбекстан Республикасынын туризмди өнүктүрүү Мамлекеттик комитетинин активдүү колдоосу менен, 2019-жылдын 24-апрелинде Ташкент ш. Кыргызстандын Өзбекстандагы Экинчи көчмө туристтик көргөзмөсү («Road Show») уюштурулуп, өткөзүлдү.

Көргөзмөнүн ачылышында, саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин алдындагы Туризм Департаментинин башчысы – министрдин Орун басары Дамир уулу Максат жана Өзбекстан Республикасынын туризмди өнүктүрүү Мамлекеттик комитетинин Төрагасынын убактылуу милдетин аткаручуусу Абдулазиз Аккулов сүйлөштү.

Иш чарада Кыргызстандын жана Өзбекстандын туризм тармагындагы тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Жалал-Абад областындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Орун басары Ырысбек Ызабеков, эки мамлекеттин 150дөн ашуун  туристтик бизнесинин өкүлдөрү, андан сырткары Өзбекстан Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты. Эки тараптуу (В2В) жолугушуулар жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн камтыган видеороликтердин көрсөтүүсү менен маалымат жыйын өткөрүлдү.

Экинчи көчмө туристтик көргөзмөнүн жыйынтыгы менен жалпы 5 млн. АКШ долларына ылайыктуу болгон 300 дөй контрактыларга кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK