2019-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вероник Ульманнды кабыл алды

2019-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вероник Ульманнды кабыл алды.

 Маектин жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин Швейцария Конфедерациясына пландалып жаткан расмий сапарын талкуулашты.

Ошондой эле тараптар финансы-банк, соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө биргелешкен умтулуусун тастыктап, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылчылыгын белгилешти.

Министр Ч.Айдарбеков Швейцария Конфедерациясынын Экономика министрлигинин алдындагы Швейцария Конфедерациясынын экономика боюнча Мамлекеттик катчылыгы (SECO) жана  Швейцария  Конфедерациясынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы өнүгүү жана кызматташуу боюнча Швейцария башкармалыгы (SDC) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жогорку натыйжалуулугун белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK