2019-жылдын 5-апрелинде Москва шаарында КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Тышкы саясий ведомстволордун Башчылары, айрыкча, эки өлкөнүн чек арага жакын аймактарындагы ынак кошуналык мамилелерди бекемдөөгө багытталган чараларды, эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жандандыруу маселелерин талкуулашты. Кыргыз-тажик мамлекеттик чекарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жигердүү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. 

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын катышуусу менен өтүүсү 2019-жылга пландалган тышкы саясий иш-чараларга даярдануу маселелерине дагы көңүл бурушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK