2019-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Словакия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министри, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ-ОБСЕ) учурдагы Төрагасы Мирослав Лайчак менен анын Кыргыз Республикасына расмий иш сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү жандандыруу контекстинде, анын ичинде, 2019-жылы Словакия Республикасынын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунда (ЕККУ) төрагалыгынын алкагында кыргыз-словак мамилелеринин күн тартибинин эки жана көп тараптуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жемиштүү мүнөзүн канааттандыраарлык менен белгилешти жана жетишилген макулдашуулар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жаңы дем берерине ишеним билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын жана Словакиянын Тышкы иштер министрлери ошондой эле Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK