2023-жылдын 1-сентябрында Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу ачылды
Экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары Россия тарабы менен өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, 2023-жылдын 1-сентябрында Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу ачылды.
Башкы консулдуктун консулдук округуна Карелия Республикасынын, Коми Республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактары кирет.
Жогорудагы консулдук округда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтын бардык түрлөрү боюнча Башкы консулдукка кайрыла алышат.
Башкы консулдук төмөнкү даректе жайгашкан: Санкт-Петербург шаары, Верейская 9 көчөсү (метро станциялары: Пушкинская жана Технологический институт).
Телефон: +78124182422
Ыкчам байланыш телефону: +78124182422
Электрондук дареги: kgstpetersburg@mfa.gov.kg.
Жарандарды кабыл алуу күн сайын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жумушчу күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09.00дон 13.00го чейин жана 14.00дон 18.00го чейин жүргүзүлөт.