2021-жылдын 25-июлунан тарта Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагына кирүүдө ПЧР-анализдин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» уюлдук тиркемеси аркылуу көрсөтүшү тийиш

2021-жылдын 25-июлунан тарта Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагына кирүүдө ПЧР-анализдин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» уюлдук тиркемеси аркылуу көрсөтүшү тийиш.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-июлундагы № 1998-б буйругу менен Россия Федерациясынын аймагына Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасынан аба өткөрүү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар ПЧР-анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүүсү зарылдыгы тууралуу талап бекитилген.

Анализ Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө чейин үч күндөн эрте эмес мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.

Россия Федерациясына үчүнчү өлкөлөрдөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймактары аркылуу транзиттик жол менен же кыска мөөнөттүү тыныгуу менен кирген адамдарга, эгерде алар ПЧР-анализинин терс натыйжасын, ошондой эле Россия Федерациясына чейинки маршрут боюнча билеттерди жана (же) отургузуу талондорун көрсөтсө, артыкчылыктар берилет.

2021-жылдын 1-сентябрынан тартып Азербайжан Республикасынан, Армения Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Кыргыз Республикасынан, Молдова Республикасынан, Тажикстан Республикасынан, Түркмөнстан Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынан Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасынан аба өткөрүү аркылуу Россия Федерациясына кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн өтүүдө тиркеме милдеттүү болот.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка саякаттагандар үчүн ПЧР-анализди эки мамлекеттик лаборатория: Бишкек шаарындагы Улуттук вирусологиялык референс-лабораториясы жана Ош шаарындагы вирусологиялык лаборатория, ошондой эле «COVID-19суз саякаттайм» маалымат тутумуна кошулган жеке лабораториялар жүргүзөт.

Тиркемени төмөнкү шилтемелерден кирип көчүрсө болот:

https://play.google.com/store/apps/details?id=com.nocovid19.su&hl=en_US&gl=US

https://play.google.com/store/apps/details?id=com.nocovid19.su&hl=ru&gl=US

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK