Африкадагы   өзөктүк куралсыз эркин зона  жөнүндө келишимге (Пелиндаба келишими) кол коюлгандыгынын 25 жылдыгына карата эл аралык конференция өткөрүлдү

2021-жылдын 12-апрелинде Преторияда,  Африкадагы   өзөктүк куралсыз эркин зона  жөнүндө келишимге (Пелиндаба келишими) кол коюлгандыгынын 25 жылдыгына карата эл аралык конференция өткөрүлдү.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Борбор Азиядагы Өзөктүк куралсыз аймактын координатор мамлекетинин өкүлү катары видео байланыш аркылуу сөз сүйлөдү.

Видео кайрылуусунда Н.Ниязалиев иш-чаранын катышуучуларын Пелиндаба келишиминин кол коюлгандыгынын жылдыгы менен куттуктап, анын аймактык жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоодо, ядросуз зоналардын глобалдык режимин кеңейтүүдө, өзөктүк куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо боюнча алдыга коюлган максаттарды жайылтуудагы маанилүү ролун белгиледи.

Ошондой эле ал Борбордук Азия мамлекеттери тарабынан 2006-жылдын сентябрында Казакстандын Семипалатинск шаарында Борбордук Азиядагы Өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишимге кол коюлуп, 2009-жылдын 21-мартында күчүнө киргендиги жөнүндө маалымат берди. Н.Ниязалиев региондо өзөксүз зонаны түзүүдө кыргыз дипломатиясынын ролун жана салымын эске алуу менен, Кыргыз Республикасы Келишимдин жана анын Протоколунун депозитарийи болуп дайындалгандыгын өзгөчө белгиледи. Ошондой эле, азыркы учурда Кыргыз Республикасы Борбор Азиялык өзөксүз аймакта Координатордун милдетин аткарат.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары 2014-жылдын 6-майында беш өзөктүк держава - Улуу Британия, Кытай, Россия, АКШ жана Франция бир убакытта Борбордук Азиядагы Өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишиминин Коопсуздуктун негативдик кепилдиктери жөнүндө протоколуна кол койгонун билдирди. Бул алардын Борбор Азиялык өзөксүз аймакка катышуучу өлкөлөргө өзөктүк куралды же башка өзөктүк жарылуучу түзүлүштөрдү каршы колдонбоого жана коркунуч келтирбөөгө кепилдик берүүсүн билдирет. Бүгүнкү күндө документти Улуу Британия, Кытай, Россия жана Франция тарабынан ратификациялангандыгын белгилеп, Н.Ниязалиев АКШ жакынкы арада ратификациялайт деген ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK