Аланья шаарында «Түрк мамлекеттери – Түркия Республикасынын жүз жылдыгына» аттуу 21-Эл аралык туризм жана искусство фестивалы болуп өттү

2023-жылдын 2-4-июндарында Аланья шаарында 21-Эл аралык туризм жана искусство фестивалы болуп өттү: «Түрк мамлекеттери – Түркия Республикасынын жүз жылдыгына» аттуу фестивалга Башкы консул Рустам Кошонов, элчиликтин кызматкерлери, ошондой эле Антальядагы кыргыз коомдорунун өкүлдөрү катышты.

Фестивалдын алкагында этно-аймак ачылып, боз үйлөр тигилип, анда өзгөчө кыргыз коомдору Кыргызстандын бай маданияты, каада–салты, үрп–адаттары тууралуу маалымат беришти. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Фестивалдын кечки программасынын алкагында майрамдык концерттер уюштурулуп, алардын жүрүшүндө Түркияда жашаган жарандардын, ошондой эле Кыргызстандан атайын чакырылган чыгармачыл жамааттардын да кыргыз өнөрпоздору жана бий топтору өнөрлөрүн тартуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK