Астанада Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Бирлигинин ортосундагы Жогорку деңгээлдеги саясий жана коопсуздук диалогунун 10-жыйыны болуп өттү

2023-жылдын 13-июнунда Астанада Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Бирлигинин ортосундагы Жогорку деңгээлдеги саясий жана коопсуздук диалогунун 10-жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жана Европанын тышкы иштер кызматынын башкы катчысынын орун басары катышты. Кыргыз Республикасынын делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеди.

Күн тартибинин алкагында катышуучулар аймактар аралык кызматташуунун кеңири тизмеси, ошондой эле окуялардын аймактык жана глобалдык динамикасы, анын ичинде Афганистандагы жана Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Коопсуздук чакырыктарына, анын ичинде терроризмге, экстремизмге, радикализмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, киберкылмыштуулукка, климаттын өзгөрүшүнө, ошондой эле азык-түлүк, энергетикалык коопсуздукка каршы күрөшкө жана санкциялардын региондун социалдык-экономикалык динамикасына тийгизген таасирине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар 2023-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа Кеңешинин Төрагасынын экинчи жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Бул максатта катышуучулар Борбордук Азия региону менен Европа Бирлигинин ортосундагы байланыштарды тереңдетүү боюнча Биргелешкен жол картасын, ошондой эле бийик жана жогорку деңгээлдеги кийинки жолугушууларды жана иш-чараларды даярдоону улантышты.

Өз сөзүндө кыргыз тарап соода, транспорт, коммуникациялар, санариптештирүү, билим берүү, илим, экологиялык күн тартиби жана энергетика чөйрөсүндө ички аймактык жана аймактар аралык диалогду жана практикалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министрдин орун басары А.Молдогазиев Европанын тышкы иштер кызматынын башкы катчысынын орун басары Э.Мора менен жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-европа эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

Мазмундуу баарлашуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдарды салыштырышты. Бул 2023-жылдын 3-июнунда Европа Кеңешинин Төрагасы Ш.Мишелдин Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын жыйынтыгын ишке ашыруу боюнча өз ара соода, инвестиция тартуу, жашыл экономика, билим берүү, Европа Бирлигинин тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен Кыргыз Республикасын чыгаруу жана Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү маселелери.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK