Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповго КУУнун ардактуу профессору наамын ыйгаруу жөнүндө

Киев улуттук курулуш жана архитектура университетинин окумуштуулар кеңеши Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагери, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шариповго «Киев улуттук курулуш жана архитектура университетинин ардактуу профессору» наамын ыйгарды.

Сыйлыкты Киев ректорлор кеңешинин төрагасы жана Украина Ректорлор союзунун президенти, университеттин ректору Петр Куликов Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы билим берүү тармагындагы жигердүү кызматташтыгы үчүн тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK