Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Михаэль Линхарт ЕБ-БA Биринчи Экономикалык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Р.А.Казакбаевдин чакыруусу боюнча 2021-жылдын 5-ноябрында Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Михаэль Линхарт ЕБ-БA Биринчи Экономикалык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Михаэль Линхарттын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында анын өлкө жетекчилиги, КР Тышкы иштер министри Р.Казакбаев менен жолугушуусу пландаштырылган.