Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты

2023-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Орусиянын ИИМинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна (мындан ары - ЧӨЖУКЖ) барышты.

Башкы консулдуктун өкүлдөрү Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө Орусиянын миграциялык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүп, соттун чечимдерине даттануунун тартиби тууралуу айтып беришип жана жарандарды кызыктырган суроолорго жооп беришти .

ЧӨЖУКЖге барган учурда Кыргыз Республикасынын сегиз жараны Орусия Федерациясынын аймагынан чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин мыйздамдуу күчүнө киришин күтүүдө. Эки жаранга Башкы консулдук Мекенге кайтуу күбөлүгүн тариздеп берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK