“Белагро-2024” көргөзмөсүндө “Максым” жана “Чалап” улуттук суусундуктар дегустация сынагында жеңүүчү болуп табылды

“Шоро” компаниясынын “Максым” жана “Чалап” улуттук суусундуктары Минск шаарында өтүп жаткан “Белагро-2024” эл аралык көргөзмөсүндө “Эң даамдуу” дегустация сынагында жеңүүчү болуп табылды.

Биздин улуттук суусундуктарыбыз көргөзмөгө келген меймандардын чоң кызыгуусун жаратты. Элдик дегустациянын жыйынтыгында кыргызстандык өндүрүүчүлөр көпчүлүк добуш менен биринчиликти ээлеп, жеңишке жетишти.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары кыргыз тарапка тиешелүү сертификаттарды тапшырышты.

Эске салсак, “Белагро-2024” Эл аралык адистештирилген көргөзмөсү 3-июндан 9-июнга чейин Минск шаарында өтүп жатат. Кыргыз Республикасы көргөзмөгө биринчи жолу катышууда.

Өлкөнүн улуттук павильонунда ата мекендик өнүмдөр – эт, сүт, балык жана алкоголдук продукциялар, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштер, улуттук суусундуктар, бал жана башкалар коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK