Белорус Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Белорус аймагындагы жашоосу оор абалдагы калган Кыргыз Республикасынын жарандарына тийиштүү жардам берүүнү улантууда

Covid-19 ылаңынан улам, мамлекеттик чек аралар жабылган кырдаалга байланыштуу Белорус Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Белорус аймагындагы жашоосу оор абалдагы калган Кыргыз Республикасынын жарандарына тийиштүү жардам берүүнү улантууда.

Элчилик, март айынан тартып КРнын Гродно шаарындагы Ардактуу консулу И.Чивель, ЕАЭБдин Сотунун соттору А.Ажибраимова жана Г.Скрипкина, КМШнын Аткаруучу комитетиндеги КРнын өкүлү менен ЕАЭБдин сотунун кызматкерлери, жана ошондой эле Минск шаарындагы КРнын жарандарынын өкүлдөрүнүн активисттеринен түзүлгөн топ аркылуу, учурда Кыргызстанга боло турган эвакуацияны күтүп РБда убактылуу жүргөн 40 адамдан ашкан жарандарыбызга азык-түлүк жана тамак-аш топтому түрүндө 4 жолу гуманитардык жардам берилди.

Элчиликтин кызматкерлери жогоруда белгиленген азык-тулук топтомдорун КРнын ар бир жарандын жашаган жерине жеткирүү жумушту уюштурду, анын жүрүшүндө алар менен маектешип, тийиштүү кеңеш берип жана Кыргызстанга кайтып келүү боюнча маршрут иштеп чыгып жатышат.

2020-жылдын 22-майына карата, Элчиликке бекитилген консулдук округунда Кыргызстанга кайтып келүүнү каалагандардын жана даяр жарандардын саны 50гө жакын адамды түзөт. Бирок белгилей кетсек, КРнын жарандарынын көбүнчөсү РБга Куба, Тайланд, Франция, Германия, Великобритания, Латвия, Литва сыяктуу башка өлкөлөрдөн келишкен.

Элчилик туруктуу түрдө жогоруда белгиленген КРнын жарандары менен байланышып турат, чет өлкөдөгү мекеменин талаптарынын алкагында ар кандай кайрылууларга кеңеш жана жардам берип турат. Тагыраак айтканда, РБнын территориясында жүрүү, жашаган жеринде каттого туруу жана медициналык маселелер боюнча укуктук кенеш берип турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK