Берлин шаарында, КРнын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Э.Абдылдаев Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш өнөктөштүктүн өлкөлөрү менен коомдор аралык кызматташтык боюнча Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн координатору И.Заатхоф менен жолугушту

2020-жылдын 26-октябрында Берлин шаарында, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Э.Абдылдаев Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш өнөктөштүктүн өлкөлөрү менен коомдор аралык кызматташтык боюнча Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн координатору И.Заатхоф менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Абдылдаев Кыргызстандагы учурдагы демократиялык процесстер, ички саясий кырдаалдын турукташкандыгы, бийликтин тынчтык жолу менен өткөрүп берилгендиги, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жаңы Өкмөттүн түзүлүп, иштегендиги тууралуу маалымат берди.

Координатор Й.Заатхофф белгилегендей, мамлекеттерибиздин ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн тартып эле, германдык тарап Кыргыз Республикасында демократиянын өнүгүүсүн жана укуктун үстөмдүгүн колдойт, ошондой эле өлкөбүздөгү акыркы ички саясий окуялардын өнүгүшүн көңүл буруп байкоодо. Ички саясий процесстерди укуктук талаанын алкагында өнүгүүсүн жана Кыргызстандагы демократияны мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн, Йоханн Заатхоф баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө, ошондой эле кыргыз-герман кызматташтыгын ар кандай тармактарда өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK