Берлин шаарында кыргыз диаспорасынын ɵкʏлдɵрʏ тарабынан Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинин Кубогунун 10-юбилейлик футболдук турнири уюштурулду

2021-жылдын 11-сентябрында Берлин шаарында кыргыз диаспорасынын ɵкʏлдɵрʏ тарабынан Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинин Кубогунун 10-юбилейлик футболдук турнири уюштурулду.

Футболдук турнир аяктагандан кийин иш-чаранын катышуучуларына кыргыз диаспорасынын ɵкʏлдɵрʏ тарабынан Кыргызстандан келген белгилʏʏ ырчылардын катышуусу менен майрамдык концерт уюштурулду жана кыргыз улуттук тамак-аштары сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына арналган фото-көргөзмө уюштурулду, ошондой эле иш-чаранын катышуучуларын кыргыз маданияты менен тааныштыруу максатында чакан боз ʏй тигилди.

Футболдук турнирге Германияда жана Европанын башка ɵлкɵлɵрʏндɵ жашаган кыргыз диаспораларынын өкʏлдөрʏ катышты. Турнирге Германиянын ар кайсы шаарларынан, ошондой эле Чехиядан жана Литвадан, бардыгы болуп, 14 команда келди. Бардык командалар футболдук турнирде жигердʏʏ катышып, өздөрʏнʏн спорттук шамдагайлыгын көрсөттʏ. Иш-чаранын катышуучуларынын саны 300 дөн ашты.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Эрлан Абдылдаев юбилейлик футболдук турнирдин катышуучуларынын алдында чыгып сʏйлөдʏ. Элчи иш-чаранын бардык катышуучуларын жана конокторун Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгы менен куттуктады жана мекендештерди Кыргызстанды мындан ары дагы колдоого жана биримдикке чакырды.

Футболдук турнирдин алкагында биринчи ирет стол-тенниси боюнча турнир өткөрʏлдʏ жана анын жыйынтыгында жеңʏʏчʏлөр аныкталды.

Келген конокторго жана балдарга аркан тартыш, тушоо кесʏʏ ж.б. улуттук оюндар жана ар кандай конкурстар менен викториналар уюштурулду.

Балдардын арасында Кыргызстан темасына арналган сʏрөт тартуу конкурсу уюштурулду.

Футболдук жана стол-тенниси боюнча турнирлердин жеңʏʏчʏлɵрʏнө жана катышуучуларына ар кайсы категориялардагы Кубоктор жана грамоталар ыйгарылды.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына байланыштуу Германияда жашаган бир катар кыргызстандыктар кыргыз-герман кызматташтыгына жана ошондой эле коронавирус илдети менен кʏрɵшʏʏдө кошкош салымы ʏчʏн Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинин алкыш баракчасы менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинин Кубогунун футболдук турнири адатка айланып, Германияда жана Европада жашап жаткан кыргыз диаспорасынын арасында популярдуу болуп калды. Футболдук оюн Германияда жана Европада жашап жаткан кыргыз диаспорасынын өкʏлдөрʏнʏн патриоттук сезимин тарбиялоого жана биримдигинине салым кошот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK