Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп ɵттү

2023-жылдын 4-майында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп ɵттү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.А.Азыгалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Альянс» фракциясынын лидери Акаев Ж.К., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Ч.А.Султанбекова, жогорудагы аталган комитеттин мүчөлөрү Мамасадыков З.Д., Кожокулова Г.А., Абдалиев М.А. жана Германиядагы кыргыз диаспорасынын ɵкүлдɵрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиcи Өмүрбек Текебаев жолугушуунун катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгы менен куттуктап, мамлекетибиздин мындан ары дагы ɵсүп-ɵнүгүшү үчүн Конституциянын маанилүү ордун белгилеп кетти.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары сɵз сүйлɵп, Германиядагы кыргыз диаспорасынын ɵкүлдɵрү менен баарлаша алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK