Бир катар мамлекеттердин президенттери Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттукташты

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Улуу урматтуу Сизди жана бүткүл кыргыз элин мусулмандар үчүн куттуу жана кубаныч алып келген Рамазан майрамы менен куттуктап, чын ыкластан жакшы каалоо-тилектерди айтууга абдан кубанычтамын.

Биздин бекем саясий эркибиздин жана биргелешкен аракетибиздин аркасында акыркы жылдары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара достук жана коңшулук мамилелер тереңдеп баратканы бизди чексиз кубандырат. 

Жогорку жана бийик деңгээлдеги диалогдун, жетишилгенмаанилүү макулдашуулардын натыйжасында Өзбекстанменен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн мамилелери эки боордош элдин гүлдөп-өнүгүшүнө гана эмес,жалпы аймагыбыздын туруктуу өнүгүүсүнө да кызмат кылып, ар тараптуу өнүгүүдө”, - деп айтылат куттуктоодо”, - деп айтылат куттуктоодо.

Президент Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден-соолук, узун өмүр, жоопкерчиликтүү ишинде жаңы жеңиштерди, ошондой эле боордош кыргыз элине мындан ары да прогресс, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Сердар Бердымухамедовдун куттуктоо катында: 

“Нечен кылымдардан бери келген бийик руханий баалуулуктардын — гуманизмдин, кайрымдуулуктун, ак көңүл жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул майрам мындан ары да жалпы мусулман коомчулугунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең ишенем”, - деп айтылат.

Түркмөнстандын Президенти Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми жалпы Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. 

“Ислам дүйнөсүнүн бардык өлкөлөрү үчүн ыйык болгон бул майрамдын бийик адеп-ахлактык баалуулуктары жана жаратман салттары мындан ары да элдерибиздин ортосундагы эзелки байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем.  

Элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык эки өлкөнүн ортосундагы жакшы байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттерибизди мындан ары да улантабыз деп ишенем”, - деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоо катында. 

Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми жалпы Кыргызстан элине бакыт-таалай, бакубатчылык, молчулук жана токчулук, тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады. 

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. 

"Жеке өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана боордош кыргыз элин ыйык Рамазан-айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм жана ушул куттуу айда бардык дубаларыңызды жана ниеттериңизди Алла Таала кабыл алышын каалайм. 

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара ишенимге негизделген мамилелердин бүгүнкү деңгээли канааттануу туйгусун жаратат. 

Боордош элдердин эрки менен калыптанган эки тараптуу мамилелер биргелешкен аракеттердин аркасында мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине ишенем", - деп айтылат куттуктоодо. 

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго бул маанилүү майрамда бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиндеги ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады. 

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. 

“Урматтуу Президент, кымбаттуу бир тууганым,  Улуу урматтуу, Сизди Орозо айт майрамыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ынтымактын, тилектештиктин жана бир туугандыктын баалуулугун дагы бир жолу эсибизге салган ыйык майрамыбыз, Ислам ааламына жана бүткүл дүйнөгө тынчтык, бейпилдик жана молчулук алып келүүсүн тилейм”, - деп айтылат Түркиянын Президенти жолдогон телеграммада.  

Түркиянын элинин жана жеке өзүнүн атынан Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми дос жана бир тууган Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады. 

Президент Объединенных Арабских Эмиратов Мухаммед бен Заид Аль Нахаян поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с праздником Орозо айт. 

«По случаю праздника Орозо айт выражаю Вам самые искренние пожелания и теплые поздравления. Прошу у Всевышнего Аллаха Вам крепкого здоровья, счастья и благополучия, а народам исламской уммы добра, мира и благоденствия. Примите чувства глубокого к вам уважения», - говорится в поздравлении Президента ОАЭ.  

Поздравительную телеграмму также прислали Вице-Президент Объединенных Арабских Эмиратов, Премьер-Министр, правитель Дубая Мухаммед бин Рашид Аль Мактум, а также Вице-Президент, заместитель Премьер-Министра, руководитель Администрации Президента ОАЭ Мансур бен Заид Аль Нахаян.

Бахрейндин Королу Хамад бин Иса аль Халифа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. 

“Ыйык Орозо айт майрамына карата биз ушул куттуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу урматтуу Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду, ошондой эле чың ден соолук жана бакыт-таалай каалоолорубузду жолдоого кубанычтабыз. Жараткан Алладан бул куттуу майрамды Сизге жана элиңизге чоң прогресс жана гүлдөп-өнүгүү, ал эми араб жана ислам үммөтүбүзгө сыймыктануу жана асылдык менен кайтарышын тилейбиз. Менин куттуктоолорумду жана урматымды кабыл алыңыз”, - деп айтылат Бахрейн Королунун куттуктоосунда. 

Иорданиянын Королу Абдалла II ибн аль-Хусейн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. 

“Ыйык Орозо айт майрамына карата Иорданиянын Хашимит Королдугунун эли жана Өкмөтү мени менен кошо сиздерге биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдойт", - деп айтылат Иордания Королунун телеграммасында. 

Абдалла II ибн аль-Хусейн Садыр Жапаровго жакшы каалоо-тилектерин билдирип, боордош Кыргызстан элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүү каалады. 

Омандын Султаны Хайсам бин Тарик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. 

“Улуу урматтуу Сизге Орозо Айт майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жолдоо - биз үчүн чоң кубаныч. Ушундай жакшы нерселерге байланыштуу Алла Тааладан мусулман коомчулугуна ырайымы менен берекесин беришин тилейбиз”, - деп айтылат куттуктоодо. 

Хайсам бин Тарик Садыр Жапаровго бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүү каалады. 

Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббас Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Жалпы ислам Үммөтү үчүн ыйык Орозо Айт майрамынын алдында Палестина мамлекетинин, анын элинин жана жеке өзүмдүн атынан Улуу урматтуу Сизге жылуу куттуктоолорду жана эң жакшы каалоолорду айтуу бизге чоң кубаныч тартуулайт. 

Алла Таала орозолоруңарды жана дубаларыңарды кабыл кылсын. Улуу урматтуу Сизге, боордош элге, ардактуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана дүйнөнүн бардык элдерине тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз. Улуу урматтуу, биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана эң жакшы тилектерибизди кабыл алыңыз”, - деп белгиленет Палестина Президентинин куттуктоосунда. 

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана мекендештериңиздерди ыйык Орозо Айт майрамы менен чын дилимден жакшы ниет-тилектерим менен куттуктайм.

Боорукердикке, бийик баалуулуктарга, гуманизмге жана кайрымдуулукка толгон ушул жаркын күндөрдө биздин тилектештигибиз жана жыргалчылыгыбыз бекемделсин.  

Алла Таала жакшы ниетибизди, жакшы иштерибизди кабыл алып, кийинки ыйык айыбызды ден соолукта тосуп алалы.

Учурдан пайдаланып урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм. Айт маарек болсун!",- деп айтылат куттуктоодо.

Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Сизди ыйык Орозо Айт майрамы менен жакшы каалоо-тилектер менен чын дилимден куттуктайм!

Кайрымдуулуктун, гуманизмдин, достуктун жана кубанычтын ыйык майрамы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы биримдикти бекемдөөгө, дүйнө жүзүндөгү бейпил жашоого жана туруктуулукка өбөлгө болушун каалайм.

Бардык мусулман үммөттөрү чоң кубаныч менен белгилеген бул майрамда тилектештик жана бакубатчылык бекемделсин.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, жогорку баалуулуктарды сиңирген ушул күнөстүү күндөрдө Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK