Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш иш сапар менен Кыргызстанга келет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антониу Гутерриш 1-3-июль күндөрү Кыргыз Республикасына иш сапары менен келет. 

Иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлорунун бирине баруусу пландаштырылууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK