Бишкек шаарына  болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Э.Бейшембиев Эл аралык Ч.Айтматов атындагы Фондунун Президенти, Ч.Айтматовдун Үй-Музейинин директору Элдар Айтматов менен жолугушту

2021-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарына  болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Э.Бейшембиев Эл аралык Ч.Айтматов атындагы Фондунун Президенти, Ч.Айтматовдун Үй-Музейинин директору Элдар Айтматов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Ч.Айтматовдун урду тилине которулган жана басылып чыккан китептеринин партиясын тапшырды.

Э.Бейшембиев Э.Айтматовду Кыргызстандагы жана Пакистандагы эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин пландаштырылып жаткан китептин расмий бет ачаарына чакырды.

Э.Айтматов Пакистанда Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын жайылтуу, китепти которууга көмөктөшкөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигине ыраазычылыгын билдирди жана ошондой эле элчинин чакыруусун кабыл алды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK